

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Климаттык каржылоо борбору тууралуу
ККБ – бул климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерине карата адаптациялоо жана таасирин басаңдатуу боюнча долбоорлорго эл аралык жана ички инвестицияларды тартуу максатында түзүлгөн улуттук түзүм.
ККБнын ролу (функцялары):
Билим берүүчүлүк - Курстарды, тренингдерди жана квалификацияны жогорулатуу программаларын өткөрүү.
Консультациялык - Долбоордук өтүнмөлөрдү даярдоо жана коштоо боюнча жардам берүү.
Методологиялык - Материалдарды, инструменттерди (куралдарды) жана сунуштамаларды иштеп чыгуу.
Эксперттик-аналитикалык - Долбоорлорду талдоо (анализдөө), алардын туруктуулугун жана натыйжалуулугун баалоо.